Кыргыз милициясына 101 жыл
Баткен/ 01.11.25/ Баткен таңы Бүгүн, 1-ноябарда Кыргызстанда милиция күнү белгиленип жатат. Ага карата Кыргызстанда ички иштер органдары үчүн 35 жаңы имарат пайдаланууга берилип, ИИМге 101 кызматтык автоунаа тапшырылды. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында видеокамералардын санын 4 миңден 20 миңге чейин көбөйтүүнү тапшырды.
Мындан сырткары Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үй пайдаланууга берилди. Мамлекет башчысы акыркы 5 жылда ИИОлордун материалдык базасынын 85% жаңыланып, кызматкерлердин айлыгы эки эсеге өскөнүн белгиледи.


