Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан аймактарындагы жарандарды жаңы конушка көчүрүү иштери толук жыйынтыкталды.
Жалпы 181 турак үйдүн ачкычы Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак жаңы конушундагы жарандарга тапшырылды.
Бул көчүрүү иштери Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттеринин чек арасын демаркациялоо алкагында жүргүзүлдү.
Достук жана Дөбө айылдары
Таш-Тумшук айылы
Көк-Терек жана Мазеит участкалары
Самаркандек аймагынын Тескей участогу
Тиешелүү протоколдордун негизинде кыргыз тарап 198 турак үйдү, 84 бош жер тилкесин жана 12 социалдык объектти өз карамагына өткөрүп алды.
Достук айылында жума намаз окулуп, ата-бабаларга куран багышталды. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлүп, жаңы конуштагы жашоо шарттары тууралуу маалымат берилди.
Ал эми Лейлек районундагы көчүрүү иштери 2025-жылдын 30-ноябрына чейин аякташы күтүлүүдө.








