Баткенде Кыргыз Эл баатыры Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгы белгиленди

Баткен, 31.10.25. /Баткен таңы/.
Баткен шаарында кыргыз маданиятынын залкар өкүлү, Кыргыз Эл баатыры Тургунбай Садыковдун туулгандыгынын 90 жылдыгына арналган “Биздин устат” аттуу чыгармачылык кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен Шаардык Мэриясы билдирди.
Маалым болгондой, иш чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэринин орун басары Акылбек Орозов, маданият кызматкерлери, өнөр сүйүүчүлөр жана жаш таланттар катышышты. Катышуучулар улуу сүрөтчүнүн бай чыгармачылык мурастарын эскерип, анын искусствого кошкон салымын жогору баалашты.
Мааракенин алкагында жаш сүрөтчүлөрдүн жана улуу устаттын шакирттеринин эмгектеринен турган көргөзмө уюштурулду.
Тургунбай Садыков — улуттук көркөм өнөрдүн жүзүн дүйнөгө тааныткан чыгаан инсан катары элдин жүрөгүндө өзгөчө орунга ээ. Анын ар бир чыгармасы кыргыз жеринин сулуулугун, элдин мүнөзүн жана руханий дүйнөсүн чагылдырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *