БАТКЕНДЕ УУРУЛУККА ШЕКТЕЛИП ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Баткен шаарында уурулук фактысы боюнча кошуна мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой 2025-жылдын 22-октябрында түнкү саат 23:30 чамасында Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну жеке буюмдары, анын ичинде “Samsung A50” үлгүсүндөгү телефону, кийим-кечесин жана 6000 сом акчасын белгисиз адам уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча катталып, тергөө жүргүзүлгөн. Жалпы материалдык зыян 19 миң сом деп бааланган.
Баткен ШИИБдин ыкчам аракеттеринин натыйжасында шектүү катары кошуна мамлекеттин жараны Р.Д. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *