Кыргызстандык спортчу Ислам Баялинов самбо боюнча ветерандарынын дүйнө чемпионатында алтын медаль жеңди. Ал 79 кг салмактагы төртүнчү жаш категориясында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу аталган спорттун эл аралык федерациясынын сайты жазды.
Чемпионат Өзбекстандын Бухара шаарында өтүп, 35 жаштан улуу спортчулар ар түрдүү салмак жана жаш категориясында таймашкан.
