облусунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык маселелери талкууланды. Бул иш-чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жетекчилик кылды.

Отурумдар Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында өткөрүлүп, ага райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышты.
БШКнын өкүлдөрү шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана шайлоо округдары боюнча маалымат берип, уюштуруучулук иштер тууралуу кеңири түшүндүрмө жасашты.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү тапшырмалар белгиленди:
Шайлоо комиссияларын бардык жактан колдоо көрсөтүү;
Шайлоо участкаларын техникалык жабдуулар жана байланыш каражаттары менен камсыздоо;
30-октябрдагы тесттик добуш берүүгө даярдык көрүү;
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоо.

Ошондой эле укук коргоо органдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди үгүт иштерине аралашпоого чакырып, мыйзам бузуу учурлары катталса тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертишти.
Жыйындын негизги максаты — мөөнөтүнөн мурда шайлоону мыйзам чегинде, ачык-айкын жана тартиптүү өткөрүү үчүн уюштуруучулук жана координациялык иштерди күчөтүү болуп саналат.