Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы директору алмашты. Президент Садыр Жапаров тийиштүү Жарлыкка кол коюп, Болотбек Тиллебаевди ээлеген кызматынан бошотту.

Болотбек Тиллебаев болсо УТРКнын башкы директору болуп 2023-жылдын март айында дайындалган эле.
Анын ордуна Уланбек Сатиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды. Сатиев буга чейин телеканалдын башкы директорунун орун басары болуп иштеген, ал эми ага чейин мамлекет башчынын жеке оператору кызматын аркалаган.
